Өткөн дем алыш күнү Москва шаарындагы кыргыздардын ортосунда болгон чыр-чатак бүтүндөй кыргызстандыктардын төбө чачын тик тургузду. Анткени кафелердин биринде карындашынын туулган күнүн белгилеп аткан жаш кыргыз жигит сыртка чыкканда он чакты кыргыз эле жердештерин машина менен тебелетип, алдын ала маалыматтар боюнча, бирөөсү каза болуп, 5-6су оор абалда ооруканада жатат. Ал эми жердештерин сүзүп кеткен окуяга күнөөлөнүп жаткан 20 жаштагы жарандын бир кулагы такыр укпай, II топтогу майып экен. Ошондуктан дайыма угуучу аппарат тагынып жүргөн. Кылмышка шектүүнүн атасы окуя тууралуу мындай маалымат берди: “Кызымдын туулган күнүн белгилеп коёлу деп 4 киши кафеге барышкан экен. Алар эс алган жайда 10дон ашык жигиттер топтолуп отуруптур. Жигиттер кыздардын бири менен таанышабыз деп келгенде уулум "тийишпегиле" деп коргогон. Бирок алар намысына тийген сөздөрдү айтып, түрткүлөгөн экен. Жаңжал кафенин ичинен эмес, сырттан чыккан. Анда менин кызым, анын курбусу, жээнибиз жана уулум унааны көздөй баратканда баягы жигиттер Бекжанды ортого алган. Уулумду бири түртүп, экинчиси колундагы телефонун алып, дагы бири кулагындагы угуучу аппаратты жулуп, ыргытып, шылдыңдаган. Угуучу аппаратты алып салганда Бекжандын ачуусу келип, психикалык өзгөрүүлөр боло баштайт. Ал 10 чакты баланын тобунан качып кетет. Бекжан ачуусу менен унаасына отуруп, айдап кеткен". Сыягы, окуянын чыныгы себеби ушундай болгон окшойт. Демек, “Жаңжал эмнеден чыкты? Атаңдын башынан чыкты”,- демекчи, жаштарыбыздын тарбиясынын жоктугу, жөнөкөй эле жүрүш-туруштун маданиятын билбегендиги ушундай орду толгус жоготууга алып келип жатат.
Булак: “Майдан. kg” гезити