Депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында өкмөт башчыга сын айтты. 

 

"Жакында Казакстанда конгресс болду. Ага катышкан Евразия өнүктүрүү банкынын төрагасы Андрей Бельянинов кыргыз өкмөтү тууралуу терс пикир айтты. Ал биздин өкмөттү көк мээ, түркөйгө теңеп койду. Анын айтканына караганда, кыргыз өкмөтүндө өңчөй келесоолор отурат экен. "Акча берейин десең, долбоору жок, түшүндүрөйүн десең акылдары жетпейт", - деди. Ушуну угуп биздин өкмөт кантип чыдап отурат?" - деп кейиди Момбеков. 

 

Ал убагында Бельнинов Кыргызстандан орден да алып, сый да көрүп жүргөнүн белгиледи. Мухаммед Абылгазиев унчукпай отурганын сындады. 

 

"Өкмөттүн ар намысын коргоо үчүн өкмөт башчы жооп кайтарышы керек эле. Көчмөндөр оюнунда англисче сүйлөгөндөн көрө орус ишкеринин оозун жаппайбы. Англисче сүйлөбөсө да экономиканы түшүнүп, эне тилин барктаган өкмөт башчы керек бизге", - деди депутат.