“Той да болот, тойдун эртеси да болот”,- демекчи, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да аяктады.  Салтанаттын жабылыш аземи ачылышынан да кызыктуу болуп, чет өлкөлөр менен кошуналардын белгилүү ырчылары келишип, бир гана ат майдандагы эмес, экрандан тиктеп отурган баардык көрүүчүлөрдүн черин жазышты. Андан да жабылыш аземде сөз сүйлөгөн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев котормочусуз эле англис тилин колдонуп сүйлөгөндө мындайды күтпөгөн баарыбыздын оозубуз Ошту эмес, Лондонду карап калды. Албетте, ал сөзүн алгач эне тилинен баштап, расмий тилди дагы колдонууну унуткан жок. Кийин англис тилинде сөз сүйлөп, көрөрмандарды таң калтырды. Премьер-министрдин англис тилинде сүйлөгөнү ага болгон көпчүлүк көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жана сый урматын жаратып, буга чейин айтылып келген айрым терс жана нааразы пикирлерди жууп кеткендей болду.  М.Абылгазиевдин англисче сүйлөгөн сөзү мындай эле: “Кереметтүү кыргыз жергесине келип, Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына катышып бергениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Алган байгеңиздер өзүңүздөргө кут болсун. Кереметтүү жерибизде тынчтык жана бакубатчылык, кең пейил элибизде биримдик болсун. Көчмөндөрдүн рух биримдиги, күч биримдиги түбөлүккө сакталсын”. Баса, жакында Стамбулда өткөн Ислам кызматташтык уюмунун саммитинде да М.Абылгазиев кыргызча сүйлөп, көпчүлүк кыргыздардын көңүлүнө жаккан эле. Ушинтип чиновниктерибиз өз эне тилинде сүйлөп турганы деле жакшы эмеспи...

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити