Ош облусунун Мады айылында кытайлык жарандар эшек ферма ачышкан. Анда үч миңдей эшек багылат.
Бул тууралуу депутат Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Мага жергиликтүу эл кат жазып, бул ишти токтотуу суранычын келтиришти. Мен Ош облусунун губернаторуна кат жаздым. Бирок, арадан эки ай өттү, жооп боло элек. Мады айылындагы эшек фермасы эшекти союп, этти Кытайга жөнөтөт экен. Ал жерде кытайлыктар иштешет. Союлгандан калган калдыктарды ачык ташташып, айылга чымын-чиркей толуп кетиптир. Бул бир ооруну козгоп, эпидемияны баштабаса болду. Эшектер союлган жерде жергиликтүу элдин малы оттошот. Андан алынган сүт Ош шаарына сатылат экен", - деди депутат.
Ал катка жооп бербеген губернатордун ишин тийиштүу кызматтар карашы керектигине токтолду. Мыйзам боюнча депутаттын катына бир айдын ичинде жооп берүү кажет.