Бишкек-Ош авиарейсиндеги учактын жүрүүчү жабдыгы күйүп кеткени кагылган коңгуроо деп эсептейт депутат.
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын авиапаркын жаңылоо зарылдыгын айтты.
"Бишкек-Ош авиарейсиндеги учактын жүргүзүүчү жабдыгы күйүп кетти. Жакында эле депутаттар отурган учак да Ошко багыт алып, Төө-Ашуудан ашкандан кийин маселе жаралып, кайра Бишкекке кайтты. Андан башка үчүнчү жолу жүргүнчүлөр менен чийинге чыккан учак уча албай калды. Бул бизге кагылган коңгуроо. Сактыкка кордук жок дейт", - деди депутат.
Ал авиадепартаменттин кайдыгерлигин айыптады. Айтымында, аталган департамент же өзүн өнүктүрбөйт, же район, шаардагы тийиштүү кызматтарына көңүл бурбайт.
"Өкмөт бул маселени тез арада көзөмөлгө албаса, Кудай сактасын, бир кырсык болуп кетиши мүмкүн. Ал учактарда биз жүрөбүз, кыргыз жарандары, балдарыбыз, ата-энелерибиз жүрөт", - деген депутат маселе шашылыш каралууга муктаж экенин белгиледи.