Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Урматов Араван районундагы маселеге өкмөт өкүлүнүн көңүлүн бурду. 

 

"Араванда жергиликтүу эле үй курганга жер ала албай жатышат. Учурда эки сотых жерде төрт үй-бүлө жашап жатышат. Башка жактан жер алууга болгону 20 гектар жер бар экен. Ал болгону 250 үй-бүлөнү камсыз кылат. Калганы кайда барат?" - деди депутат. 

 

Ал өкмөттүн айылдарга көп кабаттуу үй куруу боюнча прогрммасы иштелип чыкканын эске салды. 

 

"Эл көп кабаттуу болсо да кура бергиле деп макул болушту. Анткени, жер жетишсиз. Ал үчүн Экономика жана Адилет министрлиги барып көрүп, уруксат бериши керек экен. Эртерээк министрликтер барып элдин маселесин чечпесе болбойт. Элдин маселесине кайдыгер карабагыла", - деди депутат.