Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын(ТҮРКПА) Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын “Кино анимация” боюнча 6-жыйынынын алкагында Түрк тилдүү өлкөлөрүнүн кино күндөрү Бишкек шаарынын “Манас” кинотеатрында 2018-жылдын 13-16сентябрында өтөт. Кино күндөрүнүн ачылыш аземи 13-сентябрьда “Манас” кинотеатрынын чоң залында белгиленет.
Иш-чара аталган комиссиянын төрагасы баш болгон Азербайджан, Казахстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламенттеринин депутаттары, маданият министрликтеринин жанадипломатиялык мекемелердин өлкүлдөрү, кинорежиссерлор, аниматорлор жана маданият ишмерлеринин катышуусу менен өтөт.
Көрсөтүүлөрдүн программасына ылайык көрүүчүлөргө Азербайджан Республикасынан “Кызыл бакча”, Казахстан Республикасынан “Оралман”, Кыргызстан Республикасынан “Түнкү кырсык”, Түркия Республикасынан “Буудай” жана “Айла” көркөм тасмалары тартууланат.