Өкмөт башчы  Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 12-сентябрда  эки күндүк иш  сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. 

 

Маалыматка караганда, өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорунда орто мектептердин жана оорукананын ачылыш салтанатына катышат.

 

Ошондой эле,  Мухаммедкалый Абылгазиев Жекенди-Шибээ каналынын курулушунун жүрүшү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы «Перети Коал» ЖЧКсы көмүр ишканасынын иши менен таанышаары айтылууда.