11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында мамлекеттик сатып алуу маселесине байланышкан мыйзам долбоору каралып, концепциясы жактырылды.

 

Тагыраагы, Жогорку Кеңештин депутаттары М.Маматалиев жана А.Дюшалиев тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдө тендер өткөрүү тартибин жакшыртуу менен андагы мыйзам бузууларды жоюу маселеси каралган.

 

Алсак, мыйзам долбоорунун негиздемесинде башкы көйгөй катары тендерлерди өткөрүүнүн электрондук системасын буйтап өтүү механизмдери бар экендиги айтылган.

 

Ал эми депутат Акылбек Жапаров жер-жерлердеги шайлоочулар менен жолугушуу учурунда мамлекеттик сатып алууларга байланышкан көйгөйлөр көп айтылып жатканын белгилеп, бул мыйзамдын кайрадан карап чыгуу зарылчылыгына токтолду.

 

Ошондой эле комитеттин бүгүнкү жыйынында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги тарабынан демилгеленген “Үрөнчүлүктө мамлекеттик дотациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору да каралып, жактырылды. Анда сапаттуу үрөндү көбөйтүү үчүн дыйкандарды мамлекет тарабынан колдоого алуу шарттары сунушталган.