ММКларга каршы арыздарды кароо боюнча Комиссияга КСДПдан ары келген. Анда, партия "Майдан. kg" гезитине нааразычылыгын билдирген. КСДП белгилеген макаладан улам партия лидерин жаманатты болуудан сактоого аракеттенип жатканы билинип турат.

 

“Майдан-пресс” басылмасы “Атамбаевдин  Сокени кулатууга багытталган 20 миллион доллары имишпи, же чындыкпы?” аттуу макаласында калп маалыматка басым жасаган. Макалада эл арасында Атамбаев мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга 20 миллион доллар берген имиш деген “ушак” пайда болгону айтылган. Кимге жана качан – так айтылган эмес. Анан да ал “Карылыкка чейин жашагандан көрө Акүй алдында Сооронбай менен атышып жатып өлгөнүм жакшы”, - деп айткан имиш.

 Макалада ал качан жана кимге ушинтип айтканы чагылдырылбаган. Күбөлөрдүн тастыктоосу да жок. Бул маалымат калп – ал эч качан эч кимге мындай кепти айткан эмес, эч кандай акча таратпаган, болгондо да 20 миллион долларды, демек,  кимге качан айтканын так жазуу мүмкүн эмес", - деп жазылган арызда.