"Сапаттын" мүлкүн кайсы бир тарапка өткөрүп берүү анын түптөөчүлөрүнүн жалпы жыйынында жобо менен кабыл алынат. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. 

 

Маалыматка караганда, аталган билим берүү мекемесинин түптөөчүлөрүнүн катарында Кыргызстандын жарандары жана аталган министрлик кирет. 

 

"Маариф" фондунун ишмердүүлүгү тууралуу айта турган болсок, түрк фонду менен КР Билим берүү жана илим министрлигинин өз ара тушүнүүчүлүгү боюнча кол коюлган меморандумга ылайык өкмөттө аладык келишим долбоорун даярдоого жумушчу топ түзүлдү. Ал парламенттин кароосуна коюлат, ал жактан ратификацияланышы керек", - деп билдирди министрлик.