Бишкекте көп кабаттуу үйдүн курулуп бүтө элек имараты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, "101" кызматына таңкы саат 6:14тө телефон чалуу болгон. Учурда кырсык болгон жерге төрт өрт өчүрүү тобу барып, иштеп жатышат. Өрт жер төлөдөн чыккан. Жалынды токтотушту, бирок, толугу менен өчүрүлө элек.
![]()