Россиядагы  «Киношок» эл аралык кино фестивалында кыргыз  кинорежиссеру Таалайбек Кулмендеевдин «Мунабия»  аттуу тасмасы гран-при менен катар  «Мыкты сценарий» сыйлыгын жеңип алды.

 

Бул тууралуу Кинематографияны колдоо фондусунан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, Кыргызстандан барган дагы үч тасма да ийгиликти багынтышып, сыйлыктарга ээ болгон. Режиссер Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы «Мыкты операторлук иш» жана «Мыкты музыка» номинацияларына татыды. 

 

Кыска метраждуу фильмдерден  калыстар тобунун атайын сыйлыгына Аскар Нуракун уулунун «Киноман» аттуу эмгеги  жетишкен. Жаш режиссер  Токтобек Үсөновдун «Не женское бремя» аттуу тасмасы даректүү фильмдер арасында атайын дипломго ээ болгон.