Учурда УКМКнын тергөө абагында кармалып жаткан мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев дарыгерлердин көзөмөлүнө муктаж болууда. Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдирди.
"Жантөрө Сатыбалдиевди кардиолог текшерип чыгып, стационардык дарыланууга муктаж экенин айткан. Биз ага керектүү документтин баарын тергөө абагынын администрациясына жибердик. Алар карап чыгышы керек. Документке мурдагы өкмө башчынын балачагынан бери эле жүрөк оорусу менен жабыркап келгени боюнча көрсөтмөлөр тиркелди. Сатыбалдиевдин жүрөк оорусу тукумунда болгон экен», — деди Сулайманов.