Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземинде бул оюн тууралуу пикирин билдирди.
"Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары бүт дүйнө жүзүндө болуп жаткан карама-каршылыктарга карабастан, Жер планетасынын элдерин биримдикке жана жаратмандыкка чакырды.
Дал мына ушундай иш-чараларда элдердин улутуна, динине, социалдык тегине карабастан, гуманизм, эркиндик жана руханий өнүгүү сыяктуу жалпы адамзаттык баалуулуктарга болгон умтулуусу жана мүдөөсү ачык көрүнөрүн Оюндардын катышуучулары жана коноктору чын дили менен белгилеп кетишти.
Маданият, көркөм өнөр жана спорт – бул саясаттан тышкары өз жолунда элдердин ортосундагы тынчтыктын жана тилектештиктин кубаттуу инструменти.
Жылдан жылга Көчмөндөр оюндары кулачын кенен жайып, өтө популярдуу болуп баратат: 2014-жылы бул оюндарга 7 өлкө гана катышса, быйыл бардык континенттерден 74 өлкө катышып, 10 эсеге өстү. Улуттук спорттун түрү 37ге жетти.
Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3 миңге жакын спортчулардын жана катышуучулардын башын бириктирди", - деди өкмөт башчы.
Ал дүйнө элдери өзүнүн нукура салтын жана улуттук оюндарын таза сактап, бүт дүйнөгө мурунку калыбында тааныткысы келээрин айтып, Кыргыз Республикасы тарабынан түзүлгөн бул уникалдуу долбоор дүйнө элдеринин өткөн ата-бабаларына көрсөткөн бийик урмат-сыйы экендигин баса белгиледи.