2018-жылдын 9-сентябрында Ош облусунун Кара-Суу шаарынын мериясында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда  Кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча жарыяланган бир айлыктын алкагындагы иш-чара өткөрүлүүдө.

Бул иш-чаранын максаты табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдардан коргонуунун жүрүм-турум эрежелерин  калк арасында кеңири жайылтуу, кырсыктардын тобокелин азайтуу болуп саналат. Ага  КР Өкмөтүнүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Кара-Суу райондук  мамлекеттик администрациясынын  башчысынын  орун басары, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын  өздүк курамы,  райондук Жарандык коргонуу кызматтары катышууда.

КР Өзгөчө кырдаалдар  министри Нурболот Мирзахмедов чыгып сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду: “Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөө өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоонун актуалдуулугун жогорулатат жана мартабасын ашырат. Анткени күчтөрдү бириктирүү аркылуу гана өзгөчө кырдаалдар коркунучуна даяр болуу мүмкүн ”.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кызыл Жарым  Ай коому менен биргеликте  Кара-Суу шаарынын  Ленин атындагы орто мектебинин “Жаш куткаруучулар” тобу  сууга чөккөн адамга, жол кырсыгынан жана электр тогунан жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жабырлануучуну туура транспортоо  боюнча практикалык түрдө инсценировкаларды көрсөтүштү.

Негизги өнөктөштөр: Кыргыз Республикасындагы Улуттук Кызыл Жарым Ай коому  жана ЮНИСЕФ бэйөкмөт уюму.

Чогулган элге Ош  облусунда жайгашкан КР ӨКМнин түзүмдүк бөлүктөрүнүн куткаруу жабдыктары жана техникалары тааныштырылды. 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 13-июнундагы “5-октябрь жыл сайын белгиленүүчү Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнү деп жарыялоо жөнүндө” токтомунун негизинде Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2018-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин Кыргызстандын бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча республикалык деңгээлде бир айлык иш-чаралар өткөрүлөт.