ИИМ Бишкектеги төрөтканалардын биринин дарыгерлери ымыркай сатуу боюнча кармалганы тууралуу маалыматтарды тастыктады. Бирок, тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан төрөткананын номери жана кармалган дарыгерлердин аты-жөнү азырынча ачыкталбайт.
Кармоо эки этап менен жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө факт боюнча тергөө жүрүп жатат жана "адам сатуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Айрым маалыматтарга караганда, дарыгерлер ымыркайды энесинен калп айтып бөлүп алышкан. Төрөгөн энеге "балаң чарчап калды" дешкен да, а өздөрү акчалуу кардар табышкан.