Москва шаарында жекшембиге караган түнү кыргызстандык мигранттар отурган кафеде жаңжал чыккан. "Аура" кафесинде 20 жаштагы Бекжан Сарбишев карындашы Диана болуп туулган күн белгилешкен. Алардын катарында отурган башка кыргызстандык мигранттар ичип алып кызга тийишип башташкан. Агасы карындашын коргоп, кайым айтышып отуруп ал мушташка жеткен. Эки тарап мушташып башташканда Бекжан Сарбишев автоунааны айдап качууга аракет жасаган. Ал газды катуу баскан да, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде турган бир топ жарандарды сүзүп кеткен. Сегиз адам ооруканага жеткирилип, бирөө ошол жерден каза тапкан. 

 

Бекжан Сарбишев орус жарандыгын алгандыгы белгилүү болду. Ага "киши өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, абакка камалды.