Ош шаарындагы кичирайондордун бириндеги көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан аял колуна баласын көтөрүп боюн таштаган. Окуя 6-сентябрда, кечки саат 5тер чамасында болгону маалымдалды.
Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Анда айтылгандай, аял 40 жашта, Ошко Кара-Балтадан барган. Сегиз айлык баласы менен мындай кадамга барууга эмне түрткү болгону азыынча аныктала элек. Аял баласы менен ооруканага жеткирилген.