Кыргызстанда каракчылык ички миграциядан улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу кримналдык милиция Кызматынын 1-башкармалыгынын жетекчиси Марлис Жумабаев билдирди. 

 

"2018-жылдын башынан тартып өлкөдө 200 каракчылык фактысы катталды. Анын көбүнүн бети ачылды. Басымдуу бөлүгү ички мигранттар тарабынан жасалган. Алар кыймылсыз мүлктөрдү каракташат: автоунааларга, турак-жайларга кол салышат. Алар мындай кадамга каттоосу жок, жумушу жок туугандарынын үйүндө кыйналып жашаганынан барышат", - деди жетекчи.