КР Акыйкатчылыгына талапкерлердин арасына дагы бирөө кошулду. "Кыргызстан" фракциясы аркылуу президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлү Молдакун Абдылдаев да көрсөтүлөт. 

 

Бул тууралуу аталган фракциянын лидери маалымат таратты. Айтымында, Абдылдаев 2014-жылы президенттин парламенттеги өкүлү болгон, ага дейре акыйкатчынын аппаратын башкарган. 

 

 

Азырынча "Ата Мекен" фракциясынан Канатбек Азиздин талапкерлиги гана расмий сунушталды.