Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сөөгү көмүлгөн жай Украинадан акыры табылды. Бул тууралуу туруктуу издөө иштерин алып барган “Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов сүйүнчүлөдү.

 

-  Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 8-майда аталган уюмдун негиздөөчүлөрүн кабыл алып, 1941-жылы согушка кеткен чоң атасынын дайын-дареги дагы белгисиз экендигин кабарлаган. Бирикме ошондон кийин гана иликтөө иштерин абдан күчөткөн. Натыйжада Орусиянын Коргоо министрлигинин советтик жоокерлеринин базасынан Пирназаров жөнүндө маалыматтар табылган. Документтерге ылайык, президенттин чоң атасы 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Сумск (Сумская) облусунун Конотоп шаарындагы ооруканада каза тапкан. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу изилдөөчүлөр Жээнбек Пирназаров көмүлгөн бейитти дагы аныкташкан. Украина мүрзөнүн жана эстеликтин сүрөтүн бизге жөнөткөн, - дейтЭрдик-Подвиг” коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов.

 

Баса, Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл 9-майда Бишкек шаарында өткөн “Өлбөс полк” акциясына өзү катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Пирназаровдун балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайтышкан.

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити