Эгемендүүлүктүн урматына адегенде Баткен шаарында Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова, Өзбекстан Республикасынын Сох районунун акими Фарухжон Усаров, Тажикстандын Исфара районунун акими Саломзода Сиджоудин Баткен шаарындагы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө салмактуу салым кошкон улуу инсандар Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Разаков, Мурат Салиховдордун эстелигине гүлчамбар коюшту.
Буга улай баары Баткен шаарынын борбордук стадионунда уюштурулган айыл чарба жана өнөр жай жармаңкесине катышышты. Жарманке Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган. Анда кыргыз, өзбек, тажик, орус, татар элдеринин улуттук баалуулуктарын, тамак-аштарын даңазалаган көргөзмө дагы тартууланды.
Майрамдын салтанаттуу бөлүгүндө Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жалпы облустун калкын майрамы менен чын ыкластан куттуктады. Ошондой эле аймактын ар тараптуу өнүгүүсүнө орчундуу салым кошкондугу үчүн Жогорку Кеңештин депутаты, Баткен облусунун губернаторунун мурдагы орун басары Карамат Орозовага “Баткен облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Мындан тышкары бир катар инсандар Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атайын сыйлыктарына татышты.
Баса, Эгемендүүлүк майрамынын урматына эрте мененки саат 5:00дөн тартып 27 жоокер Кыргыз желегин көккө желбиретип, 27 чакырым аралыкты жөө басышты. Анан ыйык Тууну эл көп чогулган борбордук стадионго алып келишти.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити