Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовго издөо жарыяланганы белгилүү болду. Ага КР Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде издөө жарыяланган. 

 

Маалым болгондой, 2013-жылдан 2016-жылга чейин Жунусов Бажы кызматынын башка өкүлдөрү менен биргеликте жеке компаниялардын бири аркылуу коррупциялык туруктуу байланышты уюштурган. 

 

Тергөөнүн маалыматына караганда, Жунусовдун схемасы мамлекетке 166 миллион сомдон ашуун чыгаша келтирген. 

 

Учурда ал укук коргоо кызматтарынан качып жүрөт. 18-августта ага сыртынан айып тагылган.