Кырчын жайлоосунда Британиядан келген дипломат убактылуу жашап жаткан боз үйгө баштыгын таштап, сыртка чыкканда фотоаппаратын, видеокамерасын жана башка бир катар буюмдарын уурдатты. Ал турган боз үй кайтарууга алынбаган аймакта жайгашканы белгилүү болду.
Ысык-Көл ИИБинин маалыматына караганда, 4-сентябрда дипломат автоунаасын ачык калтырып, оюн көргөнү кеткенде ушул окуя болгон.
"Ал боз үйдү этношаардан 100 метр алыстыкта, кайтарууга алынбаган аймакка тиккен. Милиция кызматкерлери бул боюнча кабардар болушту. Анын боз үйүн шаарчага жакын которууну сунуштадык. Бирок, дипломат баш тартты. Уурулук боюнча кылмыш иши козголду", - деп жазылган маалыматта.