Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мэриянын кызматкерлери жарандык активисттер менен биргеликте шаардагы бир катар бала бакча жана мектептердеги балдардын тамактануусу менен таанышышты.
Демилгени мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлөбаев көтөргөн. Ага укук коргоочулар Анара Дауталиева менен Калича Умуралиева кошулган. Алар №2 мектеп менен №28 бала бакчага барышты.
Маалыматка караганда, аталган билим берүү мекемелериндеги балдарды тамактандырууда бир катар эреже бузуулар катталган. Текшерүүчүлөргө балдардын тамак-ашына колдонулуучу азыктар жаккан эмес. Менюда газдалган суусундуктар, химиялык кошулмалары бар леденцы, мармеладдар бар болгон.