Экс-депутат Өмүрбек Текебаев калкан безиндеги шишикти алдырып салуудан баш тартууда. Бул тууралуу адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Айтымында, дарыгерлер шашылыш операция жасатуу зарылдыгын айтып жатышат. Бирок, экс-депутат ага макулдугун берген эмес.
"Текебаевдин калкан безиндеги шишик залалдуу экени аныкталды. Дарыгерлер шашылыш операция жасатуу керектигин айтышты. Бирок, Текебаев баш тартты", - деген адвокат аны абакка кайра которуу болбой турганын белгилеген. Текебаевге дарыгерлердин үзгүлтүксүз көзөмөлү зарыл.