Жалал-Абад шаардык соту тарабынан жергиликтүү тургунга беш жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Ага КР Кылмыш жаза кодексинин "Кыргызстандын жаранынын чет өлкөлөрдүн аймагындагы куралдуу крамашууга, же аскердик аракеттерге катышуусу" беренеси боюнча айып тагылган. Бул тууралуу аталган соттон кабарлашты. 

 

Маалыматка караганда, өкүмдө жаран Россияга иштеп акча табууга келип, радикалдык таасирдеги видеолорго кызыгып кеткени айтылат. Андан кийин эларалык террористтик уюмдардын өкүлдөрү менен соцтармактар аркылуу табышып, Түркия аркылуу Сириянын аймагына мыйзамсыз кирген. 

 

Ал жактан ИГИЛ мүчөлөрүнө кошулган. Курал кармап, жарадар да болгон. Ал Сириядан Түркияга өткөн кезде укук коргоо кызматкерлери кармап, Кыргызстанга экстрадациялашкан. Айыптуу күнөөсүн толугу менен моюнуна алган.