Москва шаарындагы жол кырсыгынын себепчиси болуп, бир убакта бир нече адамды сүзүп кеткен кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулуна сот актоо өкүмүн чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу "Замандаш" партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов билдирди. 

 

Айтымында, аталган партия учурда Анарбек уулунун маселеси менен чуркап жүрөт. ЖК депутаттарынан, КР Акыйкатчылыгынан жана бир катар укук коргоо борборлорунан кыргызстандык айдоочуга карата коргоо кат жаздырып алышкан. Адвокаттар документтерди даярдап, апелляциялык арыз жазышкан. 

 

"Жигиттин туугандары жана биз соттун чечими актоо болуп чыгат деп күтүп жатабыз. Шарттуу түрдө кесиши да мүмкүн. Ал деле жакшы. Чыңгызды Кыргызстанга алып келебиз", - дейт Молдокматов. 

 

Эске салсак, 16-июлда Москвада айдоочу футбол күйөрмандарын сүзүп кеткен. Ал бир суткага жакын уктабаганын айткан.