Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаары менен Бостери айылында Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын мелдештеринде медалдар үчүн таймаш күчөгөн учур. 3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медаль бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медаль бар, анын бешөө алтын. Үчүнчү орунга он эки медаль менен Түркмөнстан чыкты. Андан кийин Орусия (7 медаль, 3 алтын) жана Өзбекстан (12 медаль, 2 алтын) турат. 4-сентябрда спорт мелдештердин алкагында ат чабыш (80 чакырымга), аркан тартыш, казак күрөшү, таяк тартыш, бүркүт салуу, далба, тайган жарыш, жана жаа атуу (улуттук) боюнча медалдар комплекти ойнотулат. Бирок казак боордоштордун көкбөрүчүлөрү негизги атаандашы болгон кыргыздар менен мелдешүүдөн баш тартып койду. Алар мындай кадамга баруусунун себебин айткан деле жок. Сыягы, 3-4 жылдан бери чечилбей келаткан пикир келишпестиктердин уландысы болду окшойт. Алдыда дагы бир нече медалдар комплекти ойнотулмакчы. Балким, кыргыз спортчулары демилгени колго алып, биринчи орунду камсыз кылышар. Канткен менен экинчи орунда калсак да Олимпиаданын мекени Греция аталган сыяктуу Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу, негиздөөчүсү Кыргызстан, кыргыздар болуп кала бермекчи. Ысык-Көлдө 2-сентябрда ачылган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт. Оюндар Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.
“Майдан-пресс”, Булак: “Майдан. kg” гезити