Кыргызстан деңизге чыга албаган мамлекет катары Чыгыш менен Батыштын соодасын байланыштырган транспорттук маршруттардын өнүгүшүн каалайт. Ошондуктан Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна маани берет. Бул тууралуу өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков Чолпон-Ата шаарында өткөн Түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммити учурунда билдирди. Кытай Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси 20 жылдан бери көтөрүлүп келет. Бирок долбоор ишке аша элек. 2017-жылы сүйлөшүүлөр кайра жанданган. Өзбекстандын Ташкент шаарында 25-27-декабрь күндөрү темир жол долбоору боюнча үч тараптуу жолугушуу болуп өткөн. Ал кезде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси болуп иштеген Данияр Сыдыков долбоордун мөөнөттөрүн аныктоо, каржылоо маселесин чечүү жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынганын кабарлаган. Тараптар 2018-жылдын апрелинде жолдун багытын аныктоого ниеттенишкен. 2002-жылы Пекин жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген жана анда 95 көпүрө, жалпы узундугу 50 чакырымга чамалаган 48 туннел салынышы керек болчу. 2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өз долбоорун даярдаган. Ага ылайык жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан Өзбекстанга өтмөк. Кыргыз тараптын варианты боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Бирок тоолорду тешүү, көпүрө салуу кыйла азайгандыктан курулуш баасы арзан болот деп айтылган.
Булак: “Майдан. kg” гезити