Бишкекте Акүй алдына гемодиализ каражаты менен оорусун басаңдатып келаткан жарандар митингге чыгышты. Анда 25 чакты адам топтолду. Алар текшерилген жана сапаттуу дары каражаттарын алып келүүнү талап кылышты.
Буга дейре гемодиализ алуучулар Саламаттыкты сактоо министрлигине нааразы болушкан. Алр 5 жылдан бери алып жүргөн швейцариялык Рекармон каражатынын ордуна индиялык Репаитин каражатын алганына каршылык билдиришкен.