Токмок шаарында депутат делген 1988-жылы туулган Т. Ж. аттуу жаран кишиге бычак сайганы үчүн шектелүүдө. Изин жашырып кеткенге үлгүргөндүктөн, баш коргоо чарасы сырттан каралып, сот аны камакка алууга чечим чыгарган. 

 

Чүй облустук ИИБинен билдиришкендей,  26-августта Токмок шаарындагы  мал базарда  Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага жеткирилген. Аталган факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин  "Адамдын өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Маалымат каражаттарында   кылмышка шектүү Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин жазылган.