Ички иштер министрлиги эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү убагында коомдук тартипти комсыздоо үчүн уюштуруучулук жана практикалык иш-чараларды аткарып, бир катар буйруктар менен көрсөтмөлөрдү чыгарды. Ички иштер органдарынын негизги тапшырмасы катары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, андан сырткары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо эсептелет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов кабарлады.


Кечээ III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен мамлекет башчыларынын саммитин даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоону камсыздоого байланыштуу КР Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жеке өзү ИИМдин Борбордук аппаратынын, Чүй ОИИББдин, Бишкек ШИИББдин коомдук коопсуздук жана жол кыймылынын коопсуздугу багыты боюнча бөлүмдөрүнүн кызмат өтөөсүн текшерди.


Текшерүү учурунда кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун аткарылып жаткандыгы боюнча маселелер каралды. ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев өздүк курамдын алдында сөз сүйлөп жатып, ички иштер органдарынын алдында өлкөнүн ичиндеги тартипти камсыздоо жоопкерчилиги жаткандыгын белгиледи. Милиция ар дайым коомдук тартипти камсыздоо менен кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча тапшырмаларды аткарууну камсыздап келет. Милиция кызматкерлери жарандардын укугун кынтыксыз коргоп, мыйзамга ылайык аракеттенүү керектигин дагы бир жолу эскертти.


Министрликтин башчысы милиция кызматкерлери коомдук-саясий иш-чаралардагы кызматтык милдеттерин аткарууда профессионалдуулугу менен айырмаланып тураарын белгиледи. Министр ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугу өлкөнүн жарандары үчүн маанилүүлүгүн, ошондой эле милициянын алдында турган алгылыктуу тапшырмаларды, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү чечимдерди аткаруу чараларын күчөтүү керектигин билдирди.


ИИМдин башчысы Кашкар Джунушалиев милиция кызматкерлеринин башкы тапшырмаларынын бири-мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгын коргоо манилүү экендигине токтолду. Бул ар бир милиционерден тапшырылган иштерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, кызматтык милдеттерине профессионалдуулук менен мамиле кылууну талап кылат. “Биз коомдук коопсуздукту камсыздоо, өлкөдөгү тынчтык менен бейпилдикти, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактоо боюнча иштерди алып барышыбыз керек”.- деп өз сөзүн жыйынтыктады.


2018-жылдын 2-8-сентыбрынга чейин Ысык-Көл облусунун аймагында жана республиканын борбор шаарында Кыргызстандын тарыхындагы ири масштабтуу иш-чара өтөт. Майрамдык иш-чаралар учурунда Кыргызстанга Европанын, Азиянын, Африканын көп өлкөлөрүнөн коноктор келишет. 6000ден ашуун ички иштер органдарынын кызматкерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын саммитинде жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын, андан сырткары республиканын конокторунун  коомдук тартибин жана коопсуздугун камсыздашат. 27-августтан баштап иш-чараларды өткөрүүдө, ошондой эле өтө турган эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга байланыштуу ички иштер органдарынын өздүк курамы кызматын өтөөдө "Күчөтүлгөн" тартипке өткөрүлдү. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын жана конокторун ар убак ички иштер органдарынын атайын кызматтарынын, атайын багыттагы бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин күчү менен камсыздашат.


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү маалында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздукдугун камсыздоо боюнча ИИМдин Ыкчам штабы түзүлүп, өздүк курамдын күчүн жана каражатын башкаруу менен бөлүштүрүү тапшырмасы жүктөлгөн.


2-8-сентябрында өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда жол кыймылын жөнгө салуу максатында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаажолунда убактылуу 9 блок-посттор жайгаштырылып, милиция кызматкерлери бекитилген багыт аркылуу айдоочуларга жол көрсөтүп турушат.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы тарабынан Көчмөндөр оюндарын өткөрүү маалында жол кыймылынын эрежелерине тиешелүү маселелер боюнча күнү-түнү иштей турган 1262 атайын ишеним телефону (чет өлкөлүк туристтерге англис тилинде сүйлөгөн операторлор каралган ) иштейт. Ишеним телефонуна жол кыймылынын коопсуздугу, жол кыймылынын эрежелери, автоунааны токтотуучу аймактар тууралуу кайрылышса болот. Ишеним телефону күнү-түнү иштейт.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити