Эки айга созулган тыныгуудан кийин парламент өз ишин баштады. Бүгүн, 4-сентябрда эл өкүлдөрү сессияга чогулушту.
Эске салсак, депутаттар 1-июлдан тартып тыныгууга чыгышкан. Эки айдын бир айы эс алууга, бир айы шайлоочулар менен жолугушууга багытталган.
6-чакырылыштын кезектеги сессиясынын расмий ачылышы 3-сентябрда болмок, бирок бул күн эс алуу күнү деп жарыялангандыктан, Жогорку Кеңеш ишин бүгүн баштады.