Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин медицина факультетинин жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу салтанаттуу аземине катышышты.
Капсула салуу аяктаган соң эки мамлекеттердин Башчылары «Манас» университетинин башкы корпусуна чакырылышты. Анда Кыргызстандын жана Түркиянын Президенттерине университеттин «Ардактуу доктору» наамын ыйгаруу аземи болду.
Чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, Президент Сооронбай Жээнбеков салтанаттуу аземдин катышуучуларын түрк дүйнөсүнүн билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү маанилүү окуя менен — медицина факультетининин жаңы имаратынын курулушуна капсула салынышы менен куттуктады.
Ал бүгүн кубанычтуу эки окуя болгонун — эки элдин достугунун символу болгон окуу жайдын медицина факультетинин түптөлүп жатканын жана Президент Сооронбай Жээнбеков менен Президент Режеп Тайып Эрдоганга университеттин «Ардактуу доктору» наамынын ыйгарылганын белгиледи.
"Бул мен үчүн жагымдуу, күтүлбөгөн окуя болду. Эми урматтуу профессорлор, окутуучулар, ардактуу студенттер, өлкөнүн Президенти гана эмес, кыргыз-түрк «Манас» университетинин ардактуу доктору катары да билим жөнүндө мен бир-эки ооз сөз айтышым керек», — деп Сооронбай Жээнбеков профессорлор курамына жана студенттерге кайрылды.
"Манас» университети — кыргыз-түрк мамилелеринин эң ийгиликтүү үлгүсү десем жаңылышпайм. Анткени бул окуу жайы эки өлкө ортосунда түзүлгөн университет катары, 1995-жылдан бери алдыңкы окуу жайлардын сап башында болуп, сапаттуу кесипкөй адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, эки өлкө ортосундагы мамилелердин бекемделишине өз салымын кошуп келет. Университет кыргыз үчүн ыйык болгон Манас атабыздын атын алып жүрөт жана өз ишинде айкөлдүк, достук жана ынтымак, кызматташтыкты бекемдөө принциптерин пайдаланууда», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Ал окуу жайынын сапаттуу билим берүүгө жана студенттердин билим алуусу үчүн шарттарды түзүүгө умтулаарын, алардын көпчүлүгү бюджеттик негизде окушаарын баса белгиледи. «Университеттин окуу процессинде коррупциялык көрүнүштөр жок. Бул болсо — өлкөдө жүрүп жаткан коррупцияга каршы күрөштө сиздер мага пикирлеш экениңерди кабарлап турат», — деди Мамлекет башчысы.
"Бизди экономикалык кайра жаралуунун мезгили күтүп турат. Кыргызстан эртеӊки күнү өзгөрөт, анын эмгек рыногу да өзгөрүүгө дуушар болот. Бүгүн университетке кирген студент беш жылдан кийин кандай билимге, жөндөмгө ээ болуш керек? Эмгек рыногу кандай сапаттарды талап кылат? Келечекти болжоп, адистерди даярдаш керек. Ал, мугалимдердин, биринчи кезекте окуу жайдын жетекчилеринин аракетине, талбаган изденүүсүнө, көрөгөчтүгүнө байланыштуу», — деди Сооронбай Жээнбеков.