2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган бир катар расмий өкүлдөр Бишкек шаарында курулган Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин ачылышына катышты. 

 

Эске салсак, жаңы шаардык мечит Борбор Азиядагы чоң мечит болуп эсептелет. Аталган долбоор менен Кыргызстандын жана Түркиянын дин башкармалыктары иш алып барып, курулушуна түрк тарап 25 миллион доллар каражат бөлгөн. Мечиттин бийиктиги 40 метрди түзүп, мунараларынын узундугу 70 метрге жетет жана Түркиядан алынып келинген мраморлор менен капталган. Андан тышкары, жасалгалоо иштерине ата-мекендик курулуш материалдары пайдаланылган. Мечиттин ички бөлүгү түрк чеберлери тарабынан кооздолуп, полу жылууланган жана видео көзөмөл камералары, лифт сыяктуу бир катар керектүү шарттар менен камсыздалган.

 

Аталган жаңы мечит Анкара шаарындагы Кожотепе мечитине окшоштурулуп курулган жана ярустарынын санынан гана айырмаланат. Ал эми мечитке келгендер үчүн бекер унаа токтотуучу жайы да каралган.