Өзбек бийлигинин каржылоосу менен Алишер Навои атындагы №18 мектеп гимназиясына кошумча курулган 630 орундуу имарат толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.

 

Мектептин окуу эмеректери жана башка керектүү жабдыктарды Өзбекстан каржылап алып берген.

 

Аталган мектеп 1936-жылы курулган. Анын эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз деп табылган.

 

Кийин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык макулдашуусуна ылайык мектеп гимназиясына кошумча 630 орундуу окуу имаратынын курулушу башталган.