Кара-Кулжа райондук мугалимдердин август кеңешмеси адаттагыдан тыш маанайда жүрдү. Адегенде окуучулардын эмгегинен жаралган буюм-тейимдердин жана сүрөттөрдүн көргөзмө-жармаңкеси жарнамаланып, артынан жаш таланттар эже-агайларына өз өнөрлөрүн тартуулашты. Сөз арасында райондун акими коммуникация заманында 55 мектептин 14ү гана интернетке туташтырылгандыгына абдан тызылдады.
Орозали САЙДИЛКАНОВ, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими: - Чындыгында, кесиптештеримдин басымдуулугу дагыле абдан оор шарттарда эмгектенип жатышат. Тилекке каршы, ошого жараша маяналары дагы абат эмес. Маселен, мен билгенден Финляндияда мугалимдин айлагы 3500, ал эми Европада 6000 евро экен. Албетте, Кыргызстандын азыркы шартында биздикилер он миң сомдон 45 миң сомго чейин маяна алышса, мектептен эч ким кетпейт эле. Жипсиз байланат болчу. Ошого жараша биз какшаган билим сапаты дагы кыйла эле жакшырмак.
Үрниса ШАМШИЕВА, “Жаш техник” ийриминин жетекчиси: - Кол эмгеги сабагы маалында жана мектептен тышкаркы убакта “Жаш техник” ийриминин мүчөлөрү КАМАЗ өңдөнгөн машиналарды, дагы башка техникаларды, ошондой эле үй тиричилигине абдан керектүү буюм-тейимдерди өздөрү жасашат. Бул алардын ойлоп табуу жана эмгектенүү жөндөмдүүлүгүн арттырат. Анан ар жакта тентип дейди жүргөндөн дагы сактайт.
Анаргүл МАМЕТОВА, Кара-Кулжа районундагы Кан-Коргон балдар бакчасынын тарбиячысы: - Биз бөбөктөрдү тырмактайынан моминтип тынымсыз мээнеттенүүгө үйрөтөбүз. Кичкинтайлар акыры макарондон үй жасашат. Кийизден боз үй курап, башка дагы буюм-тейимдерди өздөрү эле эптештиришет. Албетте, бул аркылуу кичинесинен эле балдар ата-энелеринин эмгегин баалаганга бекем ыкташат. Натыйжасы азырынча жаман эмес!
ОшМУнун проректору Ташполот ЖОРОЕВ жалпы республикалык тестирлөө маалында кара-кулжалык окуучулар билимдин кыйла эле өксүп жатышкандыгын ачыктады: - Ошону үчүн Кара-Кулжа гимназиясын ачтык. Биринчиден, жергиликтүү мугалимдердин тажрыйбасын тынымсыз арттырабыз. Экинчиден, окуучулардын логикасын – ой жүгүртүү чабытын үзгүлтүксүз кеңейтип-өстүрөбүз. Ошондуктан, ар чейрек сайын тестирлөө дагы жүргүзөбүз. Үчүнчүдөн, билим берүүнү улуттук мүнөзгө айлантабыз. Ушул эле гимназияда окуучуларга Кыргыздын улуттук каада-салттары дагы такай үйрөтүлөт. Төртүнчүдөн, университетибиз Кара-Кулжа гимназиясынын материалдык-техникалык базасын мындан ары дагы заман талабына жараша жаңылап турмакчы.
Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдырасул АБДЫКАДЫРОВ агартуу жана илим министрлиги 2012-2020-жылдарга карата билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыккандыгын жар салды: - Чындыгында, Кыргызстандын келечеги – бүгүн мектеп партасында олтурушкан окуучулардын колунда экендиги талашсыз! Андыктан, биз буларга эмитен татыктуу билим жана мыкты тарбия бербесек, бармак тиштеп калаарыбыз айдан ачык. Ошондой эле окуу үчүн заманбап бардык шарттарды жаратып берүүгө дагы милдеткербиз. Ошону үчүн акыркы кезде тышкы жана ички мүмкүнчүлүктөрүбүздү куп пайдаланып жатабыз. Маселен, он беш мектепте БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азып-түлүк программасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат. Алты агартуу журту МЕРСИКО азык-түлүк программасына кошулуп, мектептердин ашканалары толук жаңыланып-жабдылды. Бул программага быйыл дагы жети бала бакча киргизилет. Мындан тышкары Дүйнөлүк Банктын колдоосу аркасында “ЭлБарс”, Жийде, С.Көкөев, “Мээрим”, Ылай Талаа, Шаркыратма, “Бал бөбөк” бала бакчаларына 8 миллион 726 миң сомдук ички ажаткана курулуп, балдар ойноочу эмеректер орнотулуп, башка дагы заманбап шарттар түзүлдү. Жыйырма жыл мурун мектептерди бүтүргөндөр 7 миллион 613 миң 600 сом сарпташып, футболдук кичи анятчаларды курушту. Агартуу журттарынын кире бериштерине шагыл төшөштү, жол бойлото чатырчалар дагы орнотулду. Ошондой эле бир катар окуу канаалары жаңыланды. Электрондук доскалар жана акыркы үлгүдөгү компьютерлер менен камсыз этилди. Мектептердин кире бериштерине чоң дарбазалар орнотулду.
Деген менен Кара-Кулжа районунун акими Пиримберди ДЫЙКАНОВ быйылтан баштап мектептерде окуу китептерин пайдаланууга ижара акысы киргизилгендигин шардана кылды: - Ошентип, көп жылдардан бери жүрөгүбүздү абдан өйүтүп келаткан маселе дээрлик чечилди. Бирок, электрондук китепкана ушул тапта башыбызды абдан оорутуп турган чагы. Анткени, Кара-Кулжа районундагы 55 мектептин он төртү гана интернетке туташтырылган. А жыл акырына дейре башкаларын дагы электрондук башкарууга коштуруу милдеттендирилди. Эгерде бул тапшырма өз мөөнөтүндө аткарылбаса, албетте, айтып коюуга тийишмин, мунун сурагы тиешелүү жетекчилерден абдан катуу болот.
Ошентип, Кара-Кулжа районунун агартуучулары Кыргызстандын келечеги бүгүнкү окуучулардын колунда экендигин өлкө жетекчилигине дагы бир ирет эскертишти. Демек, эми бул жаш муунга заманбап жана толук кандуу билим алуу үчүн ойдогудай шарттарды түзүп берүү - бүгүнкү бийликтегилердин эң кечиктирилгис вазийпасы!
МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ
Кара-Кулжа районунда жалпы жонунан 55 жалпы билим берүү мекемеси бар. Булардын 48и орто, үчөө толук эмес орто, төртөө башталгыч, бири мектептен тышкары агартуу журту жана кыркы балдар бакчалары болуп саналат. Буларда 15955 окуучу билим алышат. Ошондой эле 1490 мугалим эмгектенишет. Арасында бшөө – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирпген магалими, а 497си – агартуунун отличниктери.
Алишер ТОКСОНБАЕВ,
өз кабарчыбыз, Кара-Кулжа району.
Булак: "Майдан. kg" гезити