Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунда 45 жаштагы кишинин каза тапканы белгилүү болгон. Соода борборунун жетекчилиги жана окуяга күбө болгон сатуучулар аны жүрөгү кармап жыгылып, көз жумганын айтышкан. 

 

Бирок, борбордогу видеокөзөмөл такыр башка версияны пайда кылды. Видеого кишини сатуучу жигит сабаганы түшүп калган. 25 жаштагы сатуучу жигит 45 жаштагы кардарына бир нече жолу кол көтөрүп муштагылаган. Киши жыгылып түшкөн. Күбөлөр аны эсине келтирүүгө аракет жасашкан, бирок, майнап чыккан эмес. 

 

Сатуучу жигит кармалганы айтылууда.