Майрамдоодо 2000 ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашат.

 

31-август күнү шаардын борбордук аянтынын айланасында жана борбордук көчөлөрдө автоунаалар үчүн убактылуу чектөөлөр коюлат.


Автоунаалар үчүн төмөнкү көчөлөрдө убактылуу чектөөлөр коюлмакчы: Чүй проспектиси, Киевский, Рыскулов, Абдымомунов көчөлөрү, Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап К. Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо, Логвиненко жана Эркиндик бульвары, андан сырткары Чүй проспектисинен баштап Киевский көчөсүнө чейин.


Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!


Алдыда өтө турган майрамдарда кээ бир көчөлөрдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр коюлат. Ошондуктан коопсуздук эрежелерине түшүнүү менен мамиле кылышыңарды суранабыз жана убактылуу ыңгайсыздык жаратканыбызга кечирим сурайбыз.


Шаардын жашоочуларына жана конокторуна Ала-Тоо борбордук аянттынын кире беришиндеги көзөмөлдөө-өткөрмө пунктундагы текшерүүгө түшүнүү менен мамиле кылыңыздар.


Андан сырткары, шектүү буюмду же ээсиз калган буюмдарды кармоого, ачууга, жылдырууга же ар кандай иш-аракеттерди кылууга тыюу салынат. Эгерде жогоруда айтылган буюмдарды байкаган болсоңуз тез арада 102 номуруна чалыңыздар.


Айдоочулар транспорт кыймылынын тартибин бузбастан маршруттук кыймылы менен токтотуучу жайын эртерээк пландоолору керек.


Майрамдык иш-чаралар учурунда балдарды кароосуз калтырбагыла. Ошондой эле, чоңдордун коштоосу жок майрамдык иш-чараларга жибербегиле.