УКМКнын абагында кармалып жаткан экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлоодо. Бул тууралуу КР Акыйкатчылыгынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Акыйкатчылыктын кызматкерлери абакка барышып, мурдагы премьер-министр менен жолугуп кайтышкан. Ошондо, Сатыбалдиев жүрөгү ооруп жатканына даттанган. Айтымында, 2013-жылы жүрөгүнөн операция болуп, медициналык кароодон тез-тезден өтүп турган. Абакка түшкөндөн бери каралбай, акыбалы начарлап баштаган. 

 

"Жантөрө Сатыбалдиевге дарыгерлер көп жөө басууну сунуштаган экен. Бирок, абак шартында аны аткаруу мүмкүн эмес. Экс-премьер-министр медициналык кароодон өткөрүүнү суранды", - дейт Акыйкатчылыктын билдирүүсүндө. 

 

Сатыбалдиев Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.