Кыргыз өкмөт башчылары акыркы алты жылда алты ирет алмашкан менен жөө жүргүнчүлөр менен автомашиналардын ортосундагы жол эрежесин камсыз кылган “Коопсуз шаар” долбоору тууралуу айтылып, бирок ишке ашпай келет. Ал тургай бул долбоорго кытайлык, орусиялык компаниялар кызыгышып, бирок кайра баш тартышкан. Эмнегедир болгону көчөлөрдүн кесилишине, трассаларга видеокөзөмөл аппаратын орнотууга миллиондогон АКШ доллары талап кылынып, бул акчаны чет өлкөлүк компаниялардан издеп келишет. Учурдагы өкмөт башчы М.Абылгазиев кызматка киришип жатып парламент депутаттарына бул долбоорду өкмөт өз каражатына ишке ашырат деп убада берген болчу. Ал тургай Бишкектин Абдрахманов (Совет) көчөсүнө бир нече видеокөзөмөл орнотулуп, андан жол эрежесин бузган айдоочулардан миллиондогон сом айыппулдар түшкөндүгү айтылган. Эми ошол эле акчага дагы жаңы видеокөзөмөл аппараттарын алып, акырындык менен башка да көчөлөргө орното берсе болмок. Мындан дарактын түбүнө туруп алып “шабашка” жасаган инспекторлор да азаймак. Бирок өткөн аптада үч чет элдик компаниялардын ортосунда тендер өткөрүлүп, ал онлайн-аукцион аягына чыкпай бузулду. Журналисттердин көз алдында система алгач аукциондун жыйынтыгын чыгарып, 50,5 млрд. сом сунуш кылган "Мегалайн" фирмасын жеңүүчү деп таап койгон. Ал эми “Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга 2,5 млрд. сомго эле тендер жарыяланган. Шумдугуң кур, белгиленген суммадан 20 эсе көп сумманы сунуштаган компания автоматтык түрдө жараксыз деп табылышы техникалык катачылык экен. Айтор мындай көп акчанын бизге кереги жок окшойт. Балким, бул жерде баягы эле жол боюндагы күн сайын ондогон миң сом “киреше” таап, аны жогор жактагылар менен бөлүшкөн инспекторлордун жоюлуп кетишин каалабаган жетекчилердин “техникасы” иштеп жүрбөсүн.
Булак: “Майдан. kg” гезити