“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын тегерегинде тээ эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери эле коррупция коолап-чайлап кеткендиги тууралуу аңыз кептер айтылып келет.  Бирок акчасы көп мекеменин жетекчилери жоопко тартылуунун ордуна кайра ити чөп жеп, өздөрү депутат, мэр сыяктуу майлуу, жайлуу кызматтарга жетишүүдө. Азыркы учурдагы жетекчиси Алмазбек Ногойбаевдин да миллиондогон сом акчаларды дайынсыз же максатсыз жоготкондугу өткөн жылы парламент трибунасына чейин жеткен. Тилекке каршы айрым депутаттардын жеке кызыкчылыгы барбы же акчанын сыйкыры мененби, басты-басты болуп кеткен. Сыягы, ишканадагы коррупция жетер чегине жетип, анча-мынча арнамысы бар кызматкерлердин уяты жөн жаткырбай калса керек, жакында Бишкек-Москва каттамынын поезд коштоочусу Алия Асанбаева жетекчилигинин жеп-ичкендигин ачыкка чыгаргандыгы үчүн   кысымга кабылып жаткандыгы тууралуу видео кайрылуусу социалдык тармактарга тарап кетти. Анда мындай деп айтылат: “Мамлекеттик органдар эч кандай реакция кылган жок. Тескерисинче, ишкана жана мамлекеттик органдар тарабынан мага эбегейсиз басым болуп жатат. Мен жалгыз бой энемин. Мен коррупция фактысын айтып чыккандан коркон жокмун”.  Буга чейин деле бир нече поезд коштоочулар мекеменин жетекчилери рейске билетсиз жүргүнчүлөрдү салып жатканын айтып чыгышкан болчу. Алардын сөзүнө караганда, кассада "Москвага билет 14 миң сом" деп турганы менен жетекчилери ортомчулар менен сүйлөшүп, билетсиз жүргүнчүлөрдү эки эсе арзан баа менен поездге салат экен. Өзгөчө Бишкек-Москва каттамында билетсиз жүргүнчү салмай Казакстан менен Орусиянын станцияларында да улантылары ачыкка чыкты. Бишкектен Москвага жөнөгөн бир рейсте билетсиз жүргөн адамдардын саны орто эсеп менен 50дөн 200гө чейин, айрым учурда 400гө чейин жетет. Ошондо бир эле поездден миллиондогон сомдор мамлекеттин эмес, “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчилигинин сол чөнтөгүнө түшүп жатпайбы.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити