Бүгүн Жогорку сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карады. Анын адвокаты Нурбек Токтакунов райондук соттун чечимине нааразычылык билдирген доо арыз жолдогон болчу. 

 

Биринчи май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковду 5-октябрга чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алган. Адвокаты шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. 

 

Сапар Исаков коррупция беренеси менен айыпталууда. Ал Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында камакка алынган.