Жылдагыдай эле өткөн жумада, 21-август күнү бүткүл дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын катарында кыргызстандык ислам динин тутунган бурадарлар Курман айт майрамын белгилешти. Алгач таң атпай жатып борбордук Ала-Тоо аянтында Айт намазы окулду. Бул иш чарада жүз миңге жакын адамдардын катарында өлкөбүздүн башчылары: ЖК төрагасы Д. Жумабеков, Бишкек шаарынын мэри А.Суракматов, президенттик аппараттын башчысы Д.Эсеналиев жана башка министр, чиновник, депутаттар алдыңкы катарда турушуп, Айт намазын окушту. Эми алардын намазын кабыл болсун, пендечилик, жетекчилик иштеринде кетирген күнөөлөрү үчүн кечирим сурашса, анысы да кабыл алынсын деңизчи. Бирок, парламент төрагасы Д.Жумабековдун ошол каз катар тизилип, кыбыланы карап намаз окуган момун мусулмандардын алдында “Муфтийдин айткандарын кылсак өнүгөбүз-өсөбүз”,- деген сөзү көпчүлүктүн алласын оозунан түшүрүп, эсин оодарып койду. Эгер мындай деп катардагы жаран же чиновник айтса, анда эч ким деле көңүл бурбаса керек эле. Ал эми светтик, демократиялуу, болгондо да парламенттик башкаруудагы мамлекеттин парламентинин жетекчиси (демек, Конституция боюнча өлкөнүн №1 жетекчиси) муфтиятты туу тутуп, алардын артынан ээрчисек гана өнүгөбүз деп отурса, анда коомубуздун мыйзамдуу түзүлүшү эмне болот? Бул ЖК төрагасынын сөзүнөн жаңылгандыгыбы же атайлап жасалганбы? Кандай болгон учурда да өлкөбүздүн биринчи жетекчисинин мындай маанилүү иш чарадагы сөзү алдын ала спритчайлер тарабынан ала даярдалып, юристтердин колунан өтүп, протоколдон ашыкча жарты ооз да сөз айтылбаш керек болчу. Демек, өлкө жетекчилерибиздин ат кошчулары менен акыл кошчулары өз милдетин туура аткарбай атат же атайлап аңга түртүп атышат...
Булак: “Майдан. kg” гезити