Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту жоокерге карата чечим чыгарды.
Кой-Таштагы аскер бөлүгүнүн контрактык негиздеги кызматында аскер милдетин өтөп жаткан жоокер качып кеткен. Ал бөлүм командири болуп дайындалган жана жашоого бардык ылайыктуу шарттары бар болчу. Бирок, ага карабай бөлүмдү калтырып, кетип калган. Бишкек гарнизонтунун Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, ал эки айдан кийин гана кайтып келген.
Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып, ата-энеси кичине чагында ажырашып кетишкенин, энеси Казакстанга аны таштап кетип калганын айткан. Энесинин дарегин таап алып, Астанага аскердик милдетине да карабай энеси менен жолугушуу үчүн кетип калган.
Сот аны эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.