«Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши шайлаганына жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна Парламенттик фракциялар ээ болгонуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын эмгек жамаатынын атынан Парламенттик фракциялардын («Кыргыз Социал-демократиялык партиясы»,«Республика - Ата Журт», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс») лидерлеринекарата кайрылып Аралбаев Урмат Сагыналиевичке ишеним көргөзүп аны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна талапкер катары алар жетектеген Парламенттик фракциясынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине сунуштоону суранды.
Аралбаев Урмат Сагыналиевичтин талапкерлиги 2018-жылдын август айында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмени) Аппаратынын эмгек жамаатынын жалпы жыйналышында талкууланып, колдоого алынганын белгилей кетсе болот.
Акыйкатчы Аппараты сунуштаган талапкердин мүнөздөөчү маалымат катары төмөнкүлөрдү белгиленет.
Аралбаев Урмат Сагыналиевич 1981-жылы туулган, улуту кыргыз, юридикалык жогорку билими бар, юридикалык илимдеринин кандидаты, биринчи класстагы мамлекеттик кызматтын кенешчиси класстык ченине ээ.
У. Аралбаев өзүнүн ишмердүүлүгүн 2003-жылы Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынында баштап жана жалпысы 15 жыл иштеп, бүгүнкү күндө ошол эле органда эксперттик-укуктук иштер боюнча бөлүмүнө бөлүмүндө башчы болуп иштеп жатат.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө У. Аралбаевке Акыйкатчы Аппаратынын жетекчилиги тарабынан татаал тапшырмалар берилип, аны ал иш жүзүнө ийгиликтүү аткарып келет.
Акыйкатчы Аппаратынын эмгек жамааты аны алдына койгон тапшырмаларды компетенттүү чече алган, демилгечил, жоопкерчиликтүү, коммуникабелдүү, ишине так, андан сырткары, өзүнүн билим денгээлин жогорлатуу боюнча дайыма изденип келген, туура чечим кабыл алганды билген, татаал тапшырмаларды аткарууга акцент койгон, ишке жөндөмдүү жана жигердүү, адамдар менен тил табыша билген кызматкер катары мүнөздөйт.
Ал 15 илимий публикациянын автору, анын ичиндеги 1 монографиясы 2017-жылы «Ассоциация юристов России» Жалпы россиялык коомдук уюму уюштурган «Лучшая научная книга» эл аралык конкурсунда «Лучшие изданные учебники, монографии, учебные пособия» номинациясындагы лауреат диплому менен сыйланган.
Иштеген жылдардын аралыгында, ишиндеги жакшы көрсөткүчтөрү эске алынып, У. Аралбаев бир катар мекемелик жана башка көнүл буруучу сыйлыктар менен сыйланган.