27-августтан 28-августка караган түнү Лебединовка айылында жол кырсыгы катталган. Түнкү саат 00:25те жөо жүргүнчүлөр өтүүчү жерден өтүп келаткан эне-баланы машина коюп кеткен. Айдоочу Канттагы авиабазанын кызматкери, 29 жаштагы орус жараны экени аныкталган. 

 

Аял алган жараатынан кырсык болгон жерде мерт кеткен, ал эми 3 жаштагы бала ооруканага жеткирилген. 

 

Облустук ИИБден билдиришкендей, орус жараны учурда эркиндикте. Аны камоого дипломаттык статусу жана артыкчылыктары жол берген эмес. Бул Вена конвенциясында дипломаттар тууралуу келишимге каршы келмек. 

 

Тийиштүу экспертизалар дайындалып, орус аскеринин ишин тиешелүү кызматтар карай турган болушту.