Чет тилин жакшы билген 50 ыктыярчы башка өлкөлөрдөн келген журналисттерди коштоп жүрүшөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун катчылыгынан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда, Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова ыктыярчылар менен жолугушуп, аларга коюлган негизги милдеттерин айтып берди. 

 

"Биздин алдыбызда конокторду жылуу тосуп алуу, биздин улуттук сыйчылдыгыбызды көрсөтүү, көчмөңдөрдүн кылымдарды карыткан маданияты менен тааныштыруу тапшырмасы турат", - деди ал.